КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 токтому

Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын техникалык тейлеген жана коштогон электрондук төлөмдөр системасынын техникалык операторун аныктасын.

3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.


Премьер-министр                                                                                               С.Ж.Исаков