КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 токтому

Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Турукташтыруу режимин колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан турукташтыруу режими жөнүндө макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                  С.Ж.Исаков