Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган чийки зат товарларынын үлгүлөрүн тандоодо инспекциялык жана сыноочу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн, “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы №439 “Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна тѳмѳнкүдөй ѳзгѳртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
4-пунктунун биринчи абзацындагы “сыноочу инспекциялык” деген сѳздѳр “инспекциялык” деген сѳзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы №570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна тѳмѳнкүдөй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “сыноочу инспекциялык” деген сѳздѳр тиешелүү жөндөмөдө “инспекциялык” деген сѳзгө алмаштырылсын;
- 13-пункту тѳмѳнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Инспекциялык компания тандалып алынган үлгүлѳрдүн экземплярларын сыноону ИСО/МЭК 17025 стандарты боюнча акредиттелген лабораторияда (жеке менчик же тартылган) ѳткѳрѳт. Тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноо, кенди пайдалануу укугуна лицензияда кѳрсѳтүлгѳн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнѳ жүргүзүлѳт.”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков