КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апостилдештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 «Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Апостиль коюунун мөөнөтү жана ага төлөнүүчү жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2 иш күндүн ичинде - 940 сом;

апостилди шашылыш түрдө коюу:

- 1 иш күндүн ичинде - 1880 сом;

- 3 сааттын ичинде - 2820 сом».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын  18-ноябрындагы № 283 «Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Документтерди апостилдештирүү мөөнөтү документтер берилген күндөн тартып 2 иш күндөн ашпоого тийиш.»

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                       С.Ж.Исаков