Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 «Айыл чарбасын каржылоо − 5» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айыл чарба тармагында кредит берүү шарттарын жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү секторун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 «Айыл чарбасын каржылоо − 5» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 3-главанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.»;
- 4-главанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков