Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы №719 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков