КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 154 токтому

Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча сунуштарды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- Комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

- жыл сайын Комиссиянын аткарган иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:

- жалпылоо жана андан ары жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү үчүн квартал сайын Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты-отчетту кагаз жана электрондук сактагыч менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;

- ушул токтомдун жоболорунун так аткарылышын камсыз кылышсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 “Кыргыз Республикасында эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын имплементациялоо боюнча сунуштарды жүзөгө ашыруу жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-мартындагы № 136 “Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

        Премьер-министр                                                        М.Д.Абылгазиев