Чехиялык “Liglass Trading CZ SRO” компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды куруу чөйрөсүндө түзүлгөн макулдашууларды бузуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 155-б буйругуна ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен чехиялык “Liglass Traiding CZ, SRO” компаниясы тарабынан ишке ашырылуучу “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбооруна Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча кошумча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө 2017-жылдын 10-июлундагы инвестициялык макулдашуунун 3-беренесинин 3.1.5-пунктунун “а” пунктчасынын экинчи абзацынын жоболору аткарылбаганына байланыштуу, жогоруда аталган Инвестициялык макулдашуунун
2-беренесинин 2.3-пунктуна жана 19-беренесинин 19.2-пунктуна жана 2017-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чехиялык “Liglass Trading CZ SRO” компаниясынын жана анын туунду коммерциялык уюмдарынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун 6-беренесинин 6.7-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бир тараптуу тартипте бузулсун:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 155-б буйругуна ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен чехиялык “Liglass Traiding CZ, SRO” компаниясы тарабынан ишке ашырылуучу “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбооруна Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча кошумча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө 2017-жылдын 10-июлундагы инвестициялык макулдашуу;
- 2017-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чехиялык “Liglass Trading CZ SRO” компаниясынын жана анын туунду коммерциялык уюмдарынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Чехиянын “Liglass Trading CZ SRO” компаниясына, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун 1-пунктунда аталган, өзү бир тарабы болгон макулдашууларды бир тараптуу тартипте бузганы жөнүндө билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июлундагы № 428 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 155-б буйругуна ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен чехиялык “Liglass Traiding CZ, SRO” компаниясы тарабынан ишке ашырылуучу "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбооруна Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча кошумча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июлундагы № 284-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктунда:
“Liglass Trading CZ, SRO” компаниясына жана” деген сөздөр алып салынсын;
- “жогоруда аталган макулдашууларга ылайык чакан гидроэлектрстанцияларын курууга жана аларды пайдаланууга берүүгө” деген сөздөр “түзүлгөн Макулдашууга ылайык аны эксплуатацияга киргизүүгө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энегетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков