Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкаруу иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын системасындагы башкаруу шайманын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 243 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-январындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 262 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 225 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 378 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков