КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө 

Экономика тармактарынын жана калктын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилинен тийиштүү түрдө өтүүсүн камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 “Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4.1-пунктунун экинчи, үчүнчү жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын иши жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын төрагасынын орун басары;”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” деген сөз “Кыргызжылуулукэнерго” деген сөз менен  алмаштырылсын;

аталган токтомдун 2-11-тиркемеси ушул токтомдун 1-10-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

аталган токтомдун 13-тиркемесинде:

- “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” деген сөз “Кыргызжылуулукэнерго” деген сөз менен алмаштырылсын;

аталган токтомдун 14-17-тиркемелери ушул токтомдун 11-14-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 704 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) декада сайын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 2017/2018-жылдын жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү жана андан өтүү жөнүндө, ошондой эле отун даярдоо боюнча пландуу тапшырмаларды аткаруу жөнүндө маалыматты берип турушсун.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу