КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 627 токтому

Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө

Эркин экономикалык зоналардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштыруу товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    Премьер-министр                                                               С.Ж.Исаков     

Тиркемелер

Басып чыгаруу