КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтому

Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө

Руда менен концентраттардагы алтындын курамын аныктоо механизмин өркүндөтүү, баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттардагы жана калдыктарды ташып чыгарууда эсептик контролду жүргүзүү максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 «Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)       жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасында (FORM STI-108):

2-тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

Кен казуучу жана кенди

кайра иштетүүчү ишканалардын

киреше салыгы боюнча отчетунун

2-тиркемеси

Сатуу дата-сыGt – бир тонна рудадагы алтындын орточо көлөмү (СМТ) Сал-магы, тонна (СМТ)Сом-дун АКШ долла-рына карата расмий курсуАлтын-дын бир троя унция-сы үчүн баасы АКШ долла-ры менен/ 31,1Курамында алтын бар рудадагы алтындын баасы (сом.)Салык став-касы (%)Салык-тын сум-масы (сом.) 

1

2

3

4

5

6

7

8

















Бар-дыгы:

х

х

х

x


x


Сатуу  дата-сыGt – бир тонна концен-траттагы алтындын орточо көлөмү (СМТ)Сал-магы, тонна (СМТ)Сом-дун АКШ долла-рына карата расмий курсуАлтын-дын бир троя унция-сы үчүн баасы АКШ долла-ры менен/ 31,1Курамында алтын бар концентрат-тагы алтындын баасы (сом.)Салык став-касы (%)Салык-тын сум-масы (сом.)

1

2

3

4

5

6

7

8

















Бар-дыгы:

х

х

х

x


x


Салык төлөөчү жөнүндө маалымат

ИНН

КОЛУ

»;

2)  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын толтуруу тартибинде (FORM STI-108):

-  17-пунктундагы «2-графасынын» деген сөздү «6-графасынын» деген сөз менен алмаштырылсын;

-  18-пунктундагы «5» деген цифра «8» деген цифра менен алмаштырылсын;

-  19-пунктундагы «2-графасынын» деген сөздү «6-графасынын» деген сөз менен алмаштырылсын;

-  20-пунктундагы «5» деген цифра «8» деген цифра менен алмаштырылсын;

-  32-пунктундагы «5ке» деген цифра «8ге» деген цифра менен алмаштырылсын;

-  төмөнкүдөй мазмундагы 341-344-пункттары менен толукталсын:

«341. 2-графада Кыргыз Республикасынын эсептик контролдоо жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусуна ылайык кургак метрикалык тонна руда же концентраттагы алтындын орточо курамы көрсөтүлөт.  Мисалы: «3,5».

342. 3-графада руда же концентраттын салмагы кургак метрикалык тонна менен көрсөтүлөт. Мисалы: «1000».

343. 4-графада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматынын негизинде эсептелген доллардын расмий курсунун орточо мааниси бүткүл салык мезгилине карата көрсөтүлөт. Мисалы: «68,54».

344. 5-графада Лондон биржасындагы алтындын орточо наркынын мааниси АКШ доллары менен бүткүл салык мезгилине карата 31,1 бөлүү менен көрсөтүлөт. Мисалы: «40,43».»;

- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«35. 6-графада алтын камтыган рудадагы же алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы көрсөтүлөт, ал 2, 3, 4, жана 5-графлардагы көрсөткүчтөрдү көбөйтүү менен чыгарылат. Мисалы: «9698752,7» (3,5 х 1000 х 68,54 х 40,43).»;

-         36-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

-            37-пунктундагы «4-графада» деген сөздөр «7-графада» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-       38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«38. 8-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт. Мисалы: «96987,52» (9698752,7 х 1%).»;

-       39-пунктундагы «2» жана «5» деген цифралар тиешелүү түрдө «6» жана «8» деген цифралар менен алмаштырылсын;

-       40-пунктундагы «3, 4» деген цифралар тиешелүү түрдө «2, 3, 4, 5 жана 7» деген цифралар менен алмаштырылсын;

-         42-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«42. 2-тиркемедеги жыйынтыктоочу маанилерди Отчеттун формасына өткөрүү тартиби Отчетту толтуруу тартиби боюнча 17-20-пункттарында көрсөтүлгөн.

2-мисал.

Алтын камтыган руданы казуу жана сатуу менен алектенген «В» компаниясы 2017-жылдын апрелинде төмөнкү продукцияларды сатты:

- 2017-жылдын 5-апрелинде - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусуна ылайык бир кургак метрикалык тоннадагы алтындын орточо камтуусу 3,5 г болгон 1000 кургак метрикалык тонна алтын камтыган руданы, мында алтындын наркы 302245650 сомду түздү;

- 2017-жылдын 11-апрелинде - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусуна ылайык бир кургак метрикалык тоннадагы алтындын орточо камтуусу 2,7 г болгон 1000 кургак метрикалык тонна алтын камтыган руданы, мында алтындын наркы 233160930 сомду түздү;

Ошону менен бирге алтындын бир айдагы орточо баасы 1257 АКШ долларын түздү, ал эми сомдун АКШ долларына карата орточо курсу 68,7 сомду түздү. Бул учурда «В» компаниясы тарабынан 2-тиркеме төмөнкүдөй толтурулат:

Сатуу датасыGt – бир тонна рудадагы алтындын орточо көлөмү (СМТ) Сал-магы, тонна (СМТ)Сом-дун АКШ долла-рына карата расмий курсуАлтын-дын бир троя унция-сы үчүн баасы АКШ долла-ры менен/ 31,1Курамында алтын бар рудадагы алтындын баасы (сом.)Салык став-касы (%)Салык-тын сум-масы (сом.) 

1

2

3

4

5

6

7

8

05.04.2017

3,5

1000

68,7

1257

302245650

1

3022456,5

11.04.2017

2,7

1000

68,7

1257

233160930

1

2331609,3

Бардыгы:

х

х

х

x

535406580

x

5354065,8

»;

3)  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:

-       1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана» деген сөздөр алып салынсын;

-         2-пунктунда:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- концентрат - баштапкы рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана пайдалуу кен байлыктардын курамы жогору болгон пайдалуу кендин байытылган продукту;»;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- алтын камтуучу концентрат - өнөр жайлык баркы бар алтын санын камтыган концентрат.»;

-       3-пунктунда:

төртүнчү абзацындагы «руданын 1 тоннасында» деген сөздөр «руданын же концентраттын тоннасында (СМТ)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Т - сатылган руданын же концентраттын тоннасынын (СМТ) саны;»;

алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«С - салыктык мезгилдин ичинде Лондон металлдар биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү баалардын күнүмдүк орточо котировкасы менен баалардын котировкасы жарыяланган салыктык мезгилдеги күндөрдүн ортосундагы орточо арифметикалык маани;

К - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарынын негизинде эсептелген бүткүл салыктык мезгил үчүн сомдун АКШ долларына карата расмий курсунун орточо арифметикалык мааниси.»;

-         4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Gt - кургак метрикалык тонна рудадагы же концентраттагы алтындын орточо курамы эсептик контролдоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусу менен тастыкталган сыноочу инспекциялык компаниясынын маалыматтарынын негизинде аныкталат.

Курамында алтын бар рудадагы же концентраттагы алтындын баасын эсептөө мисалы:

А Фирмасы Б фирмасына кургак метрикалык тоннадагы алтындын курамы орточо эсеп менен 3,5 г болгон курамында алтын бар руданын же концентраттын 1000 тоннасын сатты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарынын негизинде эсептелген бүткүл салыктык мезгилдеги сомдун АКШ долларына карата расмий курсунун орточо өлчөмү - 47,4 сом.

Салыктык мезгилдин ичинде Лондон металлдар биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү баалардын күнүмдүк орточо котировкасы менен баалардын котировкасы жарыяланган салыктык мезгилдеги күндөрдүн ортосундагы орточо арифметикалык маани бир троя унциясы үчүн - 1663 АКШ доллары.

Курамында алтын бар рудадагы же концентраттагы алтындын баасы:

3,5 х 1000 х (1663 / 31,1) х 47,4 = 8871116 сом.

Тиешелүү түрдө кургак метрикалык тоннадагы алтындын курамы орточо эсеп менен 3,5 г болгон курамында алтын бар руданын же концентраттын 1000 тоннасын сатууда салыктык база - 8871116 сом өлчөмүндөгү сумма эсептелет.».

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 «Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 32 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 «Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             С.Ж.Исаков