КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 559 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 “Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 “Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жободо:

14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунуштоосуна ылайык, тармактык жана ведомстволук таандыктагы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жашка чейинки курактагы илимдин доктору окумуштуулук наамы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин кызмат ордунда адамдар эмгек келишиминин түзүлгөн убактысына карабастан 70 жаш куракка чыкканга чейин иштей алат.

Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.”.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- мамлекеттик илимий мекемелердин уюмдаштыруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу