Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 101 “Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 “Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 “Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков