КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 551 токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишине зарыл шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте: 

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименталдык медицина эл аралык академиясы ээлеген Бишкек ш., Чүй пр., 122 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын 1-3-кабатындагы жайларга, ошондой эле жер төлө кабатынын жайларына жайгаштырсын; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименталдык медицина эл аралык академиясына башка имараттардан жай берүү мүмкүнчүлүгүн тапсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                           С.Ж.Исаков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу