Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
29-июнундагы № 307 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоонун даректүүлүгүн жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
32-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы «жалпы кирешеси» деген сөздөр «жыйынды кирешеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасындагы «жалпы кирешеси» деген сөздөр «жыйынды кирешеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) «үй-бүлөгө көмөк» - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун 2-пунктчасы «салык органдары тарабынан берилген патенттин» деген сөздөрдөн кийин «(багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентине берилүүчү ыктыярдуу патенттен тышкары)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13-14-пунктчалар менен толукталсын: «13) үй-бүлөнүн бакубаттыгын жакшыртууга жана үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга багытталган долбоорлордун алкагында үй-бүлөгө натуралык же акчалай түрдө көрсөтүлгөн жардамдын суммасы;
14) багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысы.»; - мамлекеттик тилдеги текстинде:
2-пунктундагы ар түрдүү жөндөмөдөгү «жалпы киреше» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жыйынды киреше» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9 жана 10-пункттарындагы «жалпы кирешесин» деген сөздөр «жыйынды кирешесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-главасынын аталышындагы «жалпы кирешесин» деген сөздөр «жыйынды кирешесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-главасынын аталышындагы «Жалпы кирешени» деген сөздөр «Жыйынды кирешени» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-пунктундагы «жалпы кирешесин» деген сөздөр «жыйынды кирешесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-главасынын аталышындагы жана 18-пунктундагы «жалпы кирешесин» деген сөздөр «жыйынды кирешесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-главасынын аталышындагы жана 21-пунктундагы «жалпы кирешесин» деген сөздөр «жыйынды кирешесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-главасынын аталышындагы жана 22, 23-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү «жалпы киреше» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жыйынды киреше» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27-29, 31 жана 33-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү «жалпы киреше» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жыйынды киреше» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11-главасынын аталышындагы жана 34-пунктундагы «жалпы кирешесин» деген сөздөр «жыйынды кирешесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36-пунктундагы «Жалпы киреше» деген сөздөр «Жыйынды киреше» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев