КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтому

Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2017-жылдын 31-июлундагы № 1 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” чечимин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

-   Планды белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

-   ай сайын 15ине чейин Пландын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турушсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышына жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.К.Жумакадыровго жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                                  С.Ж.Исаков