КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы № 471 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасын бекитүү жөнүндө

“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасы (мындан ары - Программа),     1-тиркемеге ылайык;

- Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;

- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык;

- Программанын бюджети, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                   С.Ш.Жээнбеков