КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу башкаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасын  мүлктүк комплекси (мындан ары - мамлекеттик ишкана) менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишкананы өзүнүн карамагына кабыл алсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 11- пунктундагы “Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун” деген сөздөр “Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын уставында:

- аталышындагы “Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун” деген сөздөр “Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 41 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“41. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) карамагында иштейт.

5. Ишкананын толук аталышы:

мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасы;

расмий тилде: Государственное предприятие “Солнышко” при Государственном агентстве по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики.”;

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Фонд”деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө “жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган”деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“17. Ишкананын ишин директор башкарат, аны жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Фондго сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары – Фонд) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Ишкананын директору кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, ушул Уставдын жана аны менен жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.

Директордун бир орун басары болот.

Директордун орун басары жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыздайт, Ишкананын директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын аткарат.”.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери” жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Күн-Чубак» мамлекеттик ишканасы” деген позиция күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы:

- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Күн-Чубак ” мамлекеттик ишканасы

”.

 

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу