КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 515 токтому

«Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн куруу» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө

Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы № 229 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн куруу боюнча ыңгайлаштырылган базалык Долбоорду макулдашып, бекитсин жана экологиялык экспертизанын, өнөр-жай коопсуздугу маселелери боюнча экспертизанын жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундуларынан кийин «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалына курулуш курууга уруксат берсин.
  2. «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» жоопкерчилиги чектелген компаниясын Кыргыз Республикасындагы филиалына үч айлык мөөнөттө газ өткөргүчүн долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн колдонула турган эл аралык, региондук стандарттардын жана чет мамлекеттердин стандарттарынын тексттерин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго берүү сунушталсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн куруу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» жоопкерчилиги чектелген компаниясына берилген техникалык стандарттардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун камсыз кылсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бекиткен ыңгайлаштырылган базалык Долбоорго жана «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» жоопкерчилиги чектелген компаниясы бекиткен жумушчу документтерге ылайык «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүүнү жана эксплуатациялоого кабыл алууну камсыздасын.
  5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» жоопкерчилиги чектелген компаниясын Кыргыз Республикасындагы филиалына ушул токтомдо аталган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн жана «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн куруу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
  7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу