КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 514 токтому

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдын 13-июлундагы  № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү тууралуу”  токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдын 13-июлундагы № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы “2017” деген  цифра “2021” деген  цифрага алмаштырылсын .

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу