Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын мындан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоо системасын иш жүзүндө колдонуу боюнча окутуу семинарларын өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-январындагы № 32 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин ички баалоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тескеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдинмилдетин аткаруучу,
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Д.Абулгазиев