Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121 жана 15-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук соода аянтчасынын техникалык операторун аныктасын.
3. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин электрондук форматта түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев