Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: |
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга 50,0 млн (элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө акча каражатын карасын жана “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Программаны каржыласын;
- Программаны ишке ашырууга финансы каражатын караштыруу менен “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2025-жылдарга жыл сайын 50,0 млн (элүү миллион) сомдон кем эмес акча каражатын карасын жана бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумуштардын заказчысы катары чыгуу жана бюджеттин ар жылдык пландарында башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна ылайык каражат караштыруу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы Программага ылайык тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын жана аймакты пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн М 1:5000 жана М 1:2000 масштабындагы топографиялык пландар менен камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- белгиленген мөөнөттө тиешелүү аймактардагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, долбоордук уюмдар менен келишимдерди түзүү жана Программаны аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен зарыл болгон иштерди аткарууну камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуш иш чөйрөсүндө ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин жана техникалык ченемдерин иштеп чыгуу үчүн каражаттарды тартуу боюнча эл аралык жана башка инвестициялык донор уюмдар менен ишти туруктуу негизде жүргүзүп турсун;
- ушул токтомдун ишке ашырылышы тууралуу отчетту ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков