Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 20-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер – министр С.Ш.Жээнбеков