КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 токтому

Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө 

БУУнун Жашыл климаттык фондусунда, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын талаптагыдай көрсөтүү, инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай тармактарына заманбап технологияларды жайылтуу жана өткөрүп берүү аркылуу климат өзгөрүлүп турган шартта туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоого көмөктөшүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору (мындан ары – Климаттык борбор) уюштурулсун.

2. Климаттык борбор жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков