КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын  ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:

- 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтомдун 2-5-тиркемелери  ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте каражаттарды издештирсин жана “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун киргизсин.

3.  Ушул токтом 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу