КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 463 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин дизайнын жаңылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын сүрөттөмөсү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

-   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин сүрөттөмөсү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков 

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын сүрөттөмөсү

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) тик бурчтук формада. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жана форекстен жасалган, сыртынан кочкул кызыл түстөгү винил булгаары менен капталган.

Ардак грамотанын негизинин алдыңкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жайгаштыруу үчүн жылтырак кагаздан басылып чыгарылган тереңдиги 2 мм болгон тик бурчтуу терезече бар.

Алдыңкы бетинин жогорку бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» жана «Правительство Кыргызской Республики» деген жазуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн стилдештирилген сүрөтү ысытылган алтындын буусу менен басылган.

Ылдыйда, ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин 35 мм сүрөтү түр түс менен тартылган. Анын алдында өйдөдөн ылдый караган иретте «АРДАК ГРАМОТА», «ПОЧЕТНАЯ ГРАМОТА». «Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде сыйланат», «В знак признания особых заслуг перед государством награждается (андан ары сыйланган адамдын аты-жөнү жазылат)».

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министри».

«Премьер-министр Кыргызской Республики» деген жазуулар симметриялуу жайгаштырылган.

Ардак грамотанын ылдыйкы бөлүгүндө «Бишкек ш. Өкмөт Үйү» жана «г. Бишкек, Дом Правительства» деген тексттер симметриялуу жайгаштырылып, алардын ортосуна Ардак грамотанын катар номери коюлган.

Ардак грамотанын арткы бөлүгүндө аны түз жерге коюу үчүн жасалган буту жана дубалга илүү үчүн «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ» деген рельефтүү жазуусу бар жылмаланган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: эни – 235 мм, бийиктиги 335 мм, жоондугу 28 мм.

Ардак грамотанын алдыңкы бетинин жогорку бөлүгүнүн капталдары полимердик коюлмалар менен жабылган, ага кыргыздын улуттук оймолору алтындын буусу менен түшүрүлгөн.

Ардак грамотанын негизи кутусу менен бир комплектте даярдалат, ал ошол эле материалдан ошол эле ыкма менен даярдалат. Кутунун бийиктиги – 340 мм, эни – 260 мм.

Кутунун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин диаметри 90 мм болгон, ысытылган алтындан буусу менен басылган сүрөтү тартылган. Ардак грамотаны кутудан алып чыгууга ыңгайлуу болушу үчүн кутунун түбүнүн ортосуна узундугу 100 мм, эни - 25 мм ак түстөгү атлас тасма чапталат.

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин сүрөттөмөсү  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгиси (мындан ары – Ардак белги) ар түрдүү материалдардан турган үч бөлүктөн жасалган. Ардак белгинин алдыңкы бети он беш учтуу жылдыз формасында жылмаланган латундан жасалган, металлдын үстү электролизделип, фасондук кесилген. Шоолалардын карама-каршы учтарынын ортосундагы аралык 3 см.

Ардак белгинин борборуна «ӨКМӨТТҮН АРДАК БЕЛГИСИ» жана «ПОЧЕТНЫЙ ЗНАК ПРАВИТЕЛЬСТВА» деген жазуулар жайгаштырылган. Тегеректин жээгине буудайдын машагынын жана пахтанын стилдештирилген сүрөтү тартылган жана тегеректин жогорку жагына диаметр боюнча «КЫРГЫЗ», астыңкы бөлүгүнө «РЕСПУБЛИКАСЫ» деп жазылган.

Ардак белгинин планкасынын алдыңкы бөлүгүндө түндүктүн алтын сүрөтү – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун элементи кызыл фондо жана оптикалык компаунд менен жабылган.

Ардак белгинин планкасы үч бөлүктөн: латун жана ак түстөгү металлдан турат. Болоттон жасалган бөлүктүн арткы жагында ажырап кетпөөсү үчүн илмек орнотулган. Ардак белгинин негизги бөлүгү жана планкасы бири-бири менен болот шакекче менен бириктирилген.

Ардак белги узундугу - 3 см жана бийиктиги - 1,5 см болгон төрт бурчтуу формадагы колодкага илинген. Ардак белгинин колодкасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун стилдештирилген сүрөтүнөн турат, латундан жасалган алдыңкы бөлүгү болоттон жасалган негизге жайгашкан, Ардак белгинин арткы бетине каттоо номери жазылат.

Ардак белги кутусу менен бир комплектте даярдалат, ал форекстен жасалып, винил булгаары менен капталып, үстүнкү бөлүгүнө айнек салынган жана анын өлчөмү: узундугу 85 мм, эни 105 мм, бийиктиги 36 мм. Кутунун ичи кызыл баркыт менен чапталган. Кутунун ортосунда ак атлас тасма тартылган, ага Ардак белги салынат.