КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 токтому

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын  бекитүү жөнүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004-жыл) жана 1977-резолюциясын (2011-жыл) натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:

- Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Иш-аракеттер планын өз учурунда жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иш-аракеттер планынын бекитилгендиги тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-комитетине кабарласын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 144 “Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу