Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |