КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 438 токтому

Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                        С.Ш.Жээнбеков

Тиркеме

 Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси

 

Транспорт каражаттарынын түрлөрү

Арналышы

1.

Автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргычКурулуш жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу үчүн

2.

Жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлорКоммуналдык керектөөлөр үчүн

3.

Өрт өчүргүчӨрт өчүрүү үчүн

4.

Авариялык-куткаруучуАвариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн

5.

Тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарАйыл чарба өндүрүшүн камсыздоо үчүн

Тиркемелер

Басып чыгаруу