Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын окуучуларын жана мугалимдерин окуу китептери жана методикалык колдонмолор менен камсыздоону жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окуу куралдарынын, мектепке таандык буюмдардын жана илимий басылмалардын тизмесинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
“15) Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын заказы боюнча импорттолгон билим берүү уюмдары үчүн окуу куралдары жана илимий басылмалар (Код ТН ВЭД 4901).
Эскертүү. Ушул пунктчада көрсөтүлгөн товарларды КНС төлөөдөн бошотуу бажылык каттоону жүргүзгөн бажы органына же салык органына Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аталган товарлар окуу колдонмолору жана илимий басылмалар болуп саналат деген жазуу жүзүндөгү ырастамасы берилгенде гана ишке ашырылат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев