КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 429 токтому

Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Глобал Ширальджин Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө

Алтын камтылган руданы кайра иштетүү үчүн курулмаларды жана комплекстүү курулмаларды куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагынын 2016-жылдын 28-ноябрындагы № 183 токтомун жана Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 3-февралындагы № Б-8/1 буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын  Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында жайгашкан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына кирген 372,8 га жер алтын камтылган руданы кайра иштетүү  боюнча курулмаларды жана комплекстүү курулмаларды куруу үчүн  “Глобал Ширальджин Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген 2016-жылдын 17-октябрындагы № 5012 АЕ лицензиясынын жарактуулук мөөнөтүнө (2026-жылдын 17-октябрына чейин) убактылуу (мөөнөттү) пайдаланууга берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы:

- төмөнкүлөрдү камсыздасын:

жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

“Глобал Ширальджин Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасынын төлөнүшүн;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна “Глобал Ширальджин Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому менен Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзсүн.

3. “Глобал Ширальджин Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна  белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыздоо сунушталсын:

- жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоону;

- курулуш зоналарында тарыхый эстеликтердин (болсо) сакталышын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу