КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 токтому

«Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли  жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-       «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

-       Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жана көлөмүн аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) эсептеле тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте:

-       Улуттук тестирлөө борборунун «Кыргызтест» башкармалыгын материалдык-техникалык жабдуулар жана тиешелүү уюштуруу техникасы менен камсыз кылсын;

-       ишке тиешелүү эксперттерди жана адистерди тартсын;

-       тестирлөө өткөрүү жерин аныктасын;

-       Тестирлөө өткөрүү планын бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргызтест» системасынын ишин өз убагында каржылоону камсыздасын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков