Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө
Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекстин статусун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекс Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасында:
“Ведомстволук мекемелер” позициясындагы “Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс” деген сөздөр “Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 682 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V “Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча” токтомун ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы “, аталышынын жана долбоорунун” деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунун иштеши жана аны күтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;
- Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборун Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков