Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын системалаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары (мындан ары - мамлекеттик органдар):
- үч айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын функцияларына алгачкы инвентаризацияны жүргүзүшсүн;
- алгачкы инвентаризация жүргүзүлгөндөн кийин бир айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын функцияларынын ведомстволук реестрин түзүшсүн;
- мамлекеттик органдардын функцияларынын ведомстволук реестрин функциялардын системалаштырылган бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунун төртүнчү абзацы коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, улуттук коопсуздук жана укук коргоо маселелерин тескөөчү мамлекеттик органдарга колдонулбай тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги функциялардын системалаштырылган бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
5. Функциялардын системалаштырылган бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- мамлекеттик органдардын функцияларынын ведомстволук реестри боюнча киргизилген тизмеге экспертиза жүргүзүүнү уюштурсун;
- мамлекеттик органдын функцияларынын ведомстволук реестрине экспертизаны жүргүзгөндөн кийин мамлекеттик органдардын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестринин долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- функцияларга инвентаризацияны жүргүзүүдө жана жогоруда аталган Жобону колдонууда мамлекеттик органдарга методикалык жана консультативдик колдоо көрсөтсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков