КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-июнундагы №414 токтому

 Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун  2017-2020-жылдарга карата концепциясын бекитүү жөнүндө

 “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун 2017-2020-жылдарга карата концепциясы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун  2017-2020-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруу боюнча   иш-чаралардын планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын аткарууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор анын аткарылышын камсыз кылышсын жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине тийиштүү маалыматты беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:

- башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте  Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

- жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси  жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул  токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу