Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкү макулдашуулардын расмий тилдеги долбоорлору жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Liglass Trading CZ, SRO” компаниясы жана анын туунду коммерциялык уюмдарынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Кыргыз Каганат” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанциясын куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган макулдашууларга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому менен бирдикте (макулдашуу боюнча) “Liglass Trading CZ, SRO” компаниясына жана “Кыргыз Каганат” жоопкерчилиги чектелген коомуна жогоруда аталган макулдашууларга ылайык чакан гидроэлектрстанцияларын курууга жана аларды пайдаланууга берүүгө колдоо көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерге орноштуруу иштерин тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизишсин.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдеринин долбоорлорун мыйзамда белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр C.Ш.Жээнбеков