Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 155-р буйругуна ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен чехиялык “Liglass Traiding CZ, SRO” компаниясы тарабынан ишке ашырылуучу “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбооруна Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча кошумча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу
Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу максатында, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 155-б буйругуна ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен чехиялык “Liglass Trading CZ, SRO” компаниясы тарабынан ишке ашырылуучу “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу” долбооруна Кыргыз Респубикасында Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча кошумча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун (мындан ары – Инвестициялык макулдашуу) расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Инвестициялык макулдашууну жактыруу жана түзүү жонүндө маселени “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизсин.
4. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда Инвестициялык макулдашууну жактыруу жана түзүү жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
5. “Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомуна Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Ак-Булуң ГЭСин, Нарын ГЭС-1ди, Нарын ГЭС-2ни жана Нарын ГЭС-3тү куруу жана эксплуатациялоо укугу берилсин жана тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын аймагындагы кыймылсыз тарыхый-маданий мурас обьектилерин сактоо боюнча иш-чараларды аткаруу сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жана Нарын районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков