Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында жайгашкан жерлерди “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-берелерине ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы № Б-40/1 буйругун жана 2017-жылдын 11-январындагы № 05-17-16/58 Талас облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жогорку чыңалуудагы “Семетей-Куруу-Тегерек” АЧ-110 кВт электр өркөрүүчү чубалгысын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында жайгашкан Бакай-Ата токой чарбасынын 30, 31, 32 жана 35-кварталдарындагы жалпы аянты 675 чарчы метр (0,0675 га) жерлер “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы аянты 675 чарчы метр (0,0675 га) жерлер “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомуна 30 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы камсыздасын:
- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коому менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун тиешелүү айыл өкмөтүнүн ортосунда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижарага алуу келишимдерин түзүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багытында пайдалануу.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков