Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 7-пунктундагы “88”, “5061”, “247” деген цифралар тиешелүү түрдө “84”, “5090”, “222” деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти тууралуу жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент водного хозяйства и мелиорации Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики”.”;
- 7-пунктунда:
2-пунктчасынын экинчи абзацындагы “, жер астындагы” деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы “ жана жер астындагы” деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчасынын экинчи абзацы “жана тилкелерин” деген сөздөрдөн кийин “, суу чарба системаларын” деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчасында:
он экинчи абзац “административдик ведомстволор,” деген сөздөрдөн кийин “башка мамлекеттик органдар,” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- суу ресурстарын башкаруу органдарынын, суу чарба уюмдарынын жана башка суу пайдалануучулардын алдыңкы технологияларга жана техникалык каражаттарга кеңири жетүүсүн камсыздайт, бул максатта атайын илимий-изилдөө, долбоордук, конструктордук жана башка иштерди, чет өлкөлөрдөгү илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды жайылтууну уюштурат.”;
- 8-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктунун төртүнчү абзацы “жана гранттар” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары” деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункту “айыл-чарба” деген сөздөрдөн кийин “, тамак-аш өнөр жайы” деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктунда :
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүнүштөрдүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана жобосун бекитет;”;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин борбордук аппаратынын штаттык ырааттамасын, түзүмүн, белгиленген сандын чегинде чыгымдардын жыйынды сметасын, Департаменттин эмгек акы төлөө фондусун Министрликке бекитүүгө берет;”;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүнүштөрдүн ишин уюштурат жана контролдойт;”;
- 14-пункту “айыл-чарба” деген сөздөрдөн кийин “, тамак-аш өнөр жайы” деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пунктунда:
ар түрдүү жөндөмөдөгү “Кеңеш” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “Коллегия” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Департаменттин Коллегиясынын иши жөнүндө жобо башкы директор тарабынан бекитилет.”;
Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкаруу схемасында:
- аталышы жана “Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти” позициясы “Айыл-чарба” деген сөздөрдөн кийин “, тамак-аш өнөр жайы” деген сөздөр менен толукталсын;
- “Токтогулдук атайын фонд” позициясы алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пунктунда:
жетинчи абзацтагы “жана жоюу” деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы:
- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
|
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Департаменттин кызматкерлерин штаттык ырааттамага ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;”.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков