Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 101 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-январындагы № 36 “Маданий баалуулук объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана анын чегинен чыгарып кетүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Маданий баалуулук объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана анын чегинен чыгарып кетүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө жана аларды анын чегинен чыгарып кетүүдө салыктар менен алымдар салынбайт жана ал ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт, буга Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин товардык номенклатурасынын “Искусство чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат” 97-товардык топко киргизилбеген предметтер кирбейт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ТЭИ ТН 2203 00 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган пиво, литри 14 сом өлчөмүндө;”;
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ТЭИ ТН 2710 12 110 1 - 2710 12 900 9, 2710 19 110 0 - 2710 19 150 0, 2710 19 250 0 - 2710 19 290 0 товардык позицияларында классификациялануучу бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер, тоннасы 5000 сом өлчөмүндө;”;
- он бешинчи жана он алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ТЭИ ТН 2710 19 310 0 - 2710 19 480 0, 2710 20 110 0 - 2710 20 190 0 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну, тоннасы 400 сом өлчөмүндө;”;
“- ТЭИ ТН 2710 19 510 1 - 2710 19 680 9, 2710 20 310 1 - 2710 20 390 9 товардык позицияларында классификациялануучу мазут, тоннасы 400 сом өлчөмүндө;”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үрөн материалдарынын тизмесинде:
“ЕАЭС ТЭИ ТН” графасында:
- “1005 10 110 0” цифралары “1005 10 180 1” цифраларына алмаштырылсын;
- “1005 10 190 0” цифралары “1005 10 180 9” цифраларына алмаштырылсын;
- “1209 91 900 0” цифралары “1209 91 800 0” цифраларына алмаштырылсын;
- “1207 99 970 0” цифралары “1207 99 960 0” цифраларына алмаштырылсын;
- “0602 20 900 0” цифралары “0602 20 800 0” цифраларына алмаштырылсын;
“Жүзүм” позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
0602 20 100 0 | Жүзүм |
”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков