КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы №410 токтому

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги 4-пунктундагы «371» жана «115» деген цифралар тийиштүүлүгүнө жараша «180» деген «306» деген цифралар менен алмаштырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Премьер-министр                                                                                           С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу