КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтому

 Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө

Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун, кайра каттоонун жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин киргизүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 24-1-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;

- Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук  маалыматтар  базасын  уюштуруунун жана  күтүүнүн  тартиби,

2-тиркемеге ылайык;

- Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги, 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун ишке киргизүү маселеси боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлиги органдарынын чечимдерин ишке ашырууга жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлиги органдарынын чечимдерине шайкеш келтирүү боюнча ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууга жооптуу мамлекеттик орган;

- транспорт каражаттарынын паспортторун (транспорт каражаттарынын шассилеринин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун тариздөөнү ишке ашыруучу, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин - ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын) жана  транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассилерин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу-уюмдардын реестрин жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик орган;

- транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасынын улуттук операторун аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

-       «Кыргыз       Республикасынын       Өкмөтүнүн       2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 489 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү туралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автотранспорттон башкасын), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык түзүлүштөрдү мамлекеттик каттоонун, кайра каттоонун жана эсепке алуунун, техникалык кароо жүргүзүүнүн, квалификациялык экзамендерди алуунун жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-январындагы № 34 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 435 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоунаа инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

- «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 601 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 180 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун он биринчи жана жыйырма жетинчи абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 «Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы № 689 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке     алууну     камсыз    кылуу   боюнча    чаралар    жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу