КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 406 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-беренесин аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

- 4-баптын 95 жана 96-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

95

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү

ЮМ

ЮМ

Акы төлөнөт

96

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү

ЮМ

ЮМ

Акы төлөнөт

».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

- III-бөлүмүнүн 27 жана 28-баптары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап 95-пункт

2

Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган), Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоочу ведомстволук бөлүм (мындан ары - БККК)

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Күрөө жөнүндө»; - «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери» (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту); - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө»; 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 «Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»; - 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 «Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
5Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгыКыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү
6Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шартыКызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - катталган арыз боюнча; - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имаратта, жайларда; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, эркек жана аялдар үчүн өз-өзүнчө ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүЖеке жактар үчүн кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 53 мүнөт, анын ичинен: - арызды жана документтерди жана кабыл алуу - 5 мүнөт; - кирген кат-кабарлардын журналына кагазды жана документтерди каттоо - 2 мүнөт; - БКККнын директору тарабынан арызды карап чыгуу жана аткаруучуга жөнөтүү жагы - 12 мүнөт; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын толтуруу (эгер кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда) - 10 мүнөт; - Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалымат киргизүү - 19 мүнөт; - кызмат көрсөтүүнү аткаруунун жыйынтыгы тууралуу кабарламаны керектөөчүгө каалагандай ыңгайлуу ыкма менен жиберүү - 5-мүнөт

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүүКызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: БККК жана анын аймактык органдарынан. Маалымат төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон же жеке байланыш боюнча); - электрондук түрдө. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Аймактык органдардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары БКККнын маалымат такталарына, БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат
9Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмаларыКызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - БКККнын онлайн режиминдеги веб-порталы; - БКККнын маалыматтык такталары, буклеттери жана брошюралары; - БКККнын коомдук кабылдамасы; - телефон аркылуу. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10Келүүчүлөр менен пикир алмашууКызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкердин кабинеттеринин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) бар. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11Купуялуулукту камсыздоо ыкмаларыКызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмесиКызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек: - арызды (арыздын үлгүсү БКККнын жана анын аймактык органдарынын такталарына жайгаштырылган); - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда); - өздүгүн тастыктоочу документти; - зарылдыгына жараша өкүлгө берилген ишеним катты жана өздүгүн тастыктоочу документти
13Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркыКызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат БКККнын расмий сайтына жайгаштырылат
14Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлериМамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15Электрондук форматта кызмат көрсөтүүКызмат көрсөтүү электрондук форматта веб-портал аркылуу онлайн-режиминде Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык берилет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууМамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн маалыматтар так жазылбаганда же жок болгондо; - эгерде керектөөчү өздүгүн тастыктоочу документти, анын өкүлү - өздүгүн тастыктоочу документти жана ишеним катты көрсөтпөсө; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин жоктугу (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда)
17Даттануу тартибиКызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү БККК жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү жазуу же оозеки түрүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш. Арыздарды кароо Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 жумушчу күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилиМамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш

28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1Кызмат көрсөтүүнүн аталышыКыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 96-пункт
2Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышыБерилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган), Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоочу ведомстволук бөлүм (мындан ары - БККК)
3Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларЖеке жана юридикалык жактар
4Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизиКыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Күрөө жөнүндө»; - «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери» (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту); - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө»; 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 «Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»; - 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 «Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
5Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгыКыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары – КМТУБМР) көчүрмө
6Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шартыКызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - катталган арыз боюнча; - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имаратта, жайларда; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, эркек жана аялдар үчүн өз-өзүнчө ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүКызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 34 мүнөттү түзөт, анын ичинен: - арызды кабыл алуу - 5 мүнөт; - кирген кат-кабарлардын журналына кагазды каттоо - 2 мүнөт; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын толтуруу - 8 мүнөт; - КМТУБМР маалыматтарды издөө - 5 мүнөт; - документтерди тариздөө жана документтерди басып чыгаруу - 5 мүнөт; - көчүрмөгө БКККнын жетекчилиги тарабынан кол коюу - 5 мүнөт; - журналды толтуруу - 2 мүнөт; - керектөөчүгө документти берүү - 2 мүнөт

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүүКызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: БККК жана анын аймактык органдарынан. Маалымат төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон же жеке байланыш боюнча); - электрондук түрдө. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Аймактык органдардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары БКККнын маалымат такталарына, БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат
9Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмаларыКызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - БКККнын онлайн режиминдеги веб-порталы; - БКККнын маалыматтык такталары, буклеттери жана брошюралары; - БКККнын коомдук кабылдамасы; - телефон аркылуу. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10Келүүчүлөр менен пикир алмашууКызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкердин кабинеттеринин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) бар. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11Купуялуулукту камсыздоо ыкмаларыКызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмесиКМТУБМРден көчүрмө алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек: - КМТУБМРден көчүрмө берүү жөнүндө арызды (арыздын үлгүсү БКККнын жана анын аймактык органдарынын такталарына жайгаштырылган); - көчүрмө берүү үчүн кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны; - зарылдыгына жараша өкүлгө берилген ишеним катты жана өздүгүн тастыктоочу документти
13Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркыКызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат БККК расмий сайтына жайгаштырылат
14Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлериМамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15Электрондук форматта кызмат көрсөтүүКызмат көрсөтүү электрондук форматта веб-портал аркылуу онлайн-режиминде Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык берилет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууМамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ жок болгондо; - арыздын баяндалышы так эмес берилсе же зарыл болгон маалымат чагылдырылбаса
17Даттануу тартибиКызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү БККК жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү жазуу же оозеки түрүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш. Арыздарды кароо Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 жумушчу күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилиМамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш

».

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


    Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу