Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө
Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков