Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 7-пунктундагы «14» деген цифралар «21» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы «197» деген цифралар «198» деген цифралар менен алмаштырылсын;
3.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков