Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун кээ бир маселелерин жөнгө салган механизмдерин мындан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги Жобонун 2-пунктунун төртүнчү абзацында «69» цифра «68» цифрага алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Конкурс административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкер жалгыз болгон учурда деле өткөрүлөт.»;
- 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Мамлекеттик органдын конкурстук комиссиясынын түзүмү жана курамы:
- конкурстук комиссиянын төрагасы - мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси). Эгерде статс-катчынын (аппарат жетекчисинин) оруну бош болуп калса, административдик мамлекеттик бош кызмат орунун ээлөөгө конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп, мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири - мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчысы дайындалат.
Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү:
- мамлекеттик органдын этика боюнча комиссиясынын төрагасы;
- мамлекеттик органдагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу;
- жарандык коомдун тиешелүү тармактык багыттагы институттарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- персоналды башкаруу кызматынын жана юридикалык кызматтын жетекчилери (адистери);
- мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери (адистери).
Конкурстук комиссиянын катчысы мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын ичинен дайындалат.
Конкурстук комиссиянын курамына административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик кызматкерлер да киргизилет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн ордуна башкалардын келүүсүнө жол берилбейт.
Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүндө конкурстук комиссия түзүлүшү мүмкүн, анын курамы мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүнүн конкурстук комиссиясынын төрагасы болуп, мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси тарабынан аныкталган конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бири - мамлекеттик кызматчы дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында бош административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири – мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчысы дайындалат.»;
11-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Шаардын мэриясынын аппарат жетекчисинин, шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын аппарат жетекчисинин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызмат орундары бош болгон учурда бош административдик муниципалдык кызмат орунун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчысы дайындалат.»;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Конкурстук комиссиянын катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын ичинен дайындалат.»;
- он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүү үчүн текшерүү иш-чараларын талап кылган бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүүнүн узактыгы 50 жумуш күндү түзөт.»;
- 28-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«28. Ачык конкурс бош кызмат орду болгон учурда, эгерде ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс болбой калса, же конкурстан өткөн адам кызмат орунуна дайындалбай калса, анда конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гезитинде жана веб-сайтында же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында жайгаштыруу жолу менен он жумуш күнүнүн ичинде жарыяланат.»;
- 33-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүү үчүн текшерүү иш-чараларын талап кылган бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө ачык конкурс өткөрүүнүн узактыгы 60 жумуш күнүн түзөт.»;
- 34-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«34. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
- сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда ден соолук абалы жөнүндө маалымкатты.
Аңгемелешүү этабына катышууга уруксат берилген талапкерлерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.
Эгерде конкурстан өтүп, кызмат орунуна дайындалган адамда жоюлбаган соттолгондугу бар экени аныкталса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.»;
- 37-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерге мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүдөн баш таркан учурда, мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнү талап кылган бош административдик кызмат орунун ээлөөгө конкурска катышып жаткан талапкер конкурска катышуудан (конкурстун кайсы болбосун этабында) четтетилет.»;
- 42-пункттун төртүнчү абзацында «10» деген цифра «30» деген цифрага алмаштырылсын;
- 49-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Комиссиянын чечими комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу боюнча кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болуп калса, төраганын добушу чечүүчү добуш деп эсептелет.
Комиссиянын ар бир мүчөсү эң жогорку баллга ээ болгон талапкерди сунуштоого “макул” же “каршы” деген добушун гана бере алат.
Конкурстук комиссия эң жогорку баллга ээ болгон талапкерди сунуш кылбоо жөнүндө чечим кабыл алса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кайрадан конкурс өткөрүү чечимин кабыл алат. Муну менен бирге эң жогорку баллга ээ болгон талапкерди сунуштоого каршы добуш берген конкурстук комиссиянын мүчөлөрү баш тартуунун жүйөлүү себебин жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү, ал конкурстук комиссиянын жыйналышынын протоколуна тиркелет.».
- 54-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«54. Мамлекеттик органдын статс-катчысы, аппарат жетекчиси же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчиси, жооптуу катчысы үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды бош кызмат орунга дайындоо жөнүндө сунуштама киргизүүгө жана маалыматты мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтына жайгаштырууга милдеттүү.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсү тарабынан конкурс өткөрүүдө статс-катчы (аппарат жетекчи) протоколдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо жөнүндө сунуштаманы төмөнкүлөргө киргизет:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине – анын кадрлар номенклатурасына киргизилген бош кызмат орунга;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисине – анын кадрлар номенклатурасына киргизилген бош кызмат орунга.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук же аймактык бөлүмчөлөрүндө конкурс өткөрүүдө сунуш киргизүүнүн жана маалыматты веб-сайтта жайгаштыруунун мөөнөтү жети жумуш күнүн түзөт.
Мамлекеттик органдын статс-катчысынын, аппарат жетекчисинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчисинин, жооптуу катчысынын кызмат орду бош болгон учурда конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды бош кызмат орунга дайындоо жөнүндө сунуштама конкурстук комиссиянын төрагасы тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен киргизилет.»;
- 55-пункт «Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын» деген сөздөрдөн кийин «(ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүнүн)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 59-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«59. Эгерде ачык конкурс өткөрүүнүн натыйжасында талапкерлер керектүү босоголук маанисине ээ болбой калган же мындан аркы катышуудан баш тарткан учурда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кайрадан конкурс өткөрүү чечимин кабыл алат.»;
- 61-пунктта «үч айга чейинки сыноо мөөнөтү» деген сөздөр «үч айлык сыноо мөөнөтү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 62-пунктта «үч айга чейинки сыноо мөөнөтү» деген сөздөр «үч айлык сыноо мөөнөтү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарда:
- 14-пункттун 2-пунктчасынын экинчи абзацында «тиешелүү тармактык багыты боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:
- 40-пункттун экинчи абзацында «ички конкурстун» деген создөр «Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын санынын ичинен өткөрүлгөн конкурстун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Ички резервдин типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.»;
17-пунктта:
- экинчи абзацтагы «ички конкурстун» деген создөр «ички кадрлар резервинде турган адамдардын санынын ичинен өткөрүлгөн конкурстун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- онунчу абзац «ротациялоо жүргүзүү учурларынан башка,» деген сөздөрдөн кийин «ал ички резервде турган мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында» деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчыларда ротациялоо тийиштүү кызмат орундарына дайындап жаткан адамдардын ортосунда өз ара макулдашылган каттын негизинде ишке ашырылат, андан кийин алардын ар бирөөсү тарабынан ротациялоо жөнүндө тийиштүү чечимдер чыгарылат.»;
- 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8. Ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупцияны азайтуу максатында ротациялоону кошпогондо, ошондой эле кызматчынын ишине «канааттандыраарлык эмес» деген баа коюлган учурдан башка, кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Ротациялоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме кызматчыга жиберилет. Кызматчы билдирмени алган учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде ротациялоого жазуу жүзүндөгү макулдугун берет же ротациялоону жүргүзүүдөн баш тартууну билдирет.»;
- 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«9. Ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупцияны азайтуу максатында ротациялоону кошпогондо, кызматчы акыркы кызмат орунун 1 жылдан кем эмес ээлөө шартында жүргүзүлөт.
Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчылар, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн конкурстук тандоо жолу менен ээлене турган административдик кызмат орундарына кызматчыларда ротациялоо мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордун 2 жылдан кем эмес ээлөө шартында жүргүзүлөт.»;
- 12-пунктта «Төмөн турган кызмат ордуна» деген сөздөр «Бир мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичинде төмөн турган кызмат ордуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пунктта «он жумуш күнүнүн ичинде» деген сөздөр «беш жумуш күнүнүн ичинде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттун экинчи абзацында «колдонулушу мүмкүн» деген сөздөр «колдонулат» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 16-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7) тестирлөөгө катышуучуларды алдын ала каттоону алардын паспорту бар болгондо жүргүзүшөт, ал эми жүйөлүү себептер боюнча (паспортту алмаштыруу же жоготуу кырдаалдарды далилдеген тийиштүү документтерди көрсөтүү менен) ал жок болуп калса, анда аскер билети, айдоочунун күбөлүгү же жарактуу кызматтык күбөлүгү бар болгондо жүргүзүшөт.»;
- 17-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Катышуучуларды каттоо алардын паспорту бар болгондо жүргүзүлөт, ал эми жүйөлүү себептер боюнча (паспортту алмаштыруу же жоготуу кырдаалдарды далилдеген тийиштүү документтерди көрсөтүү менен) ал жок болуп калса, анда аскер билети, айдоочунун күбөлүгү же жарактуу кызматтык күбөлүгү бар болгондо жүргүзүлөт.»;
- 24-пункттун биринчи абзацы «кызмат орун жайгашкан жери боюнча» деген сөздөрдөн кийин «же конкурстук комиссиянын чечими менен башка жерде» деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартибинде:
11-пунктта:
- тогузунчу абзац «күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү» деген сөздөрдөн кийин «(мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каалоосу боюнча)» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы жыйырма сегизинчи абзац менен толукталсын:
«Ушул Тартиптин 11-пунктунда саналып берилген документтердин көчүрмөлөрү документтердин түп нускасы көрсөтүлгөндө персоналды башкаруу кызматы тарабынан же жеке маалыматтарды колдонуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан күбөлөндүрүлөт.»;
- 19-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«15. Мамлекеттик органдын жетекчиси статс-катчынын административдик мамлекеттик бош кызмат оруну пайда болгон учурдан тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен көрсөтүлгөн кызмат орунун ээлөөгө квалификациялык талаптарга ылайыктуу экиден кем эмес резервдегилердин талапкерлигин Кеңештин кароосуна жөнөтөт.»;
- 27-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Суроолордун саны, компьютердик тестирлөөнүн татаалдык даражасы, практикалык тапшырманын жана аңгемелешүүнүн критерийлери жана баалоонун методикасы, ошондой эле ушул Жобо менен теске салынбаган конкурсту өткөрүү боюнча башка маселелер Кеңеш тарабынан аныкталат.»;
- 30-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кеңеш статс-катчынын кызмат орунун ээлөөгө талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт жана Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү өз добушун берген талапкерди дайындоого көрсөтмө берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Бир да талапкер Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштарынын керектүү санына ээ болбогон учурда, Кеңеш кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алат.
Кеңештин чечимдери жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн добушунун жөнөкөй көпчүлүгү менен коллегиялык түрдө кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштарынын саны бирдей болуп калса, Кеңештин жыйынынын төрагасынын добушу чечүүчү добуш деп эсептелет.».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
7-пунктта:
- биринчи абзацтагы «10 күндүк мөөнөттө» деген сөздөр «10 жумуш күнүнүн ичинде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик органдын жетекчилигине берилген маалымкат 3 жумушчу күндүн ичинде жетекчи тарабынан каралат, ал жок болгондо – мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБ органынын жетекчиси, ал жок болгондо – аппарат жетекчиси (жооптуу катчысы) тарабынан каралат. Комиссиянын ишинин тыянактарына макул болбогон учурда алар жазуу жүзүндөгү негизин көрсөтө алышат. Маалымкат белгиленген мөөнөттө каралбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалымкатты өзүнүн расмий сайтында жайгаштырууга укуктуу.»;
- 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар маалымкат менен таанышкандан кийин, табылган укук бузууларды (эгерде бар болсо) жоюу жана алар жөнүндө маалымдоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органга же ЖӨБ органына маалымкат 3 жумушчу күндүн ичинде жиберилет.»;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«13. Мониторингди жүргүзүү мөөнөтү мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын штаттык санына жана башкаруу түзүмүнүн аймактык өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат жана үч жумадан ашпоого тийиш.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
17-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орунун ээлеген адамдарга карата кызматтык териштирүү ушул мамлекеттик органдар карамагында турат деп эсептелинген жогору турган мамлекеттик орган (кызмат адамы) тарабынан жүргүзүлөт.»;
- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик органдын статс-катчысына карата кызматтык териштирүү жүрүп жатса Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин төрагасы статс-катчыны анын макулдугу менен полиграфта тестирлөө туурасында демилге көтөрө алат.»;
- 20-пункттун биринчи абзацы «юридикалык кызматтын кызматкерлери,» деген сөздөрдөн кийин «коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (бар болсо),» деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
30-пунктта:
- биринчи абзац «Комиссия мүчөлөрү» деген сөздөрдөн кийин «(кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча атайын бөлүмдүн кызматкерлери)» деген сөздөр менен толукталсын;
- он экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча жазуу жүзүндөгү корутундуну түзүп, аны мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик комиссиясынын кароосуна белгиленген мөөнөттө берүүгө;»;
- он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
32-пунктта:
- алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«33. Кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча корутундуну алган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде тартиптик комиссия жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле башка кырдаалдарды аныктап, жазанын конкреттүү түрүн колдонуу же колдонбоо туурасындагы сунушту мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына киргизет. Тартиптик комиссиянын курамы, иштөө мөөнөтү же башка маселелери мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.»;
- 34-пункттагы «тыянактары же» деген сөздөр алып салынсын;
- 36-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«36. Тартиптик комиссия тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси үч күндүк мөөнөттүн ичинде:»;
- 43-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- тартиптик комиссиянын чечиминин түп нускасы;».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 «Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
4-пунктта:
- экинчи абзацтагы «(мамлекеттик жарандык кызматтын, аскер кызматынын, укук коргоо кызматынын жана дипломатиялык кызматтын)» деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- аскер кызматында, укук коргоо кызматында жана дипломатиялык кызматында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мезгил;».
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Өргүүдө, иш сапарда, окууда болгон кызматчылардын, ошондой эле убактылуу иштей албаган же белгиленген мөөнөттөрдөн кийин кызматка кирген кызматчылардын кварталдык планы алар ишке чыккандан кийин 7 жумуш күнүнүн ичинде түзүлөт жана бекитилет.»;
- 20-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Өргүүдө, иш сапарда, окууда болгон кызматчылардын, ошондой эле убактылуу иштей албаган же белгиленген мөөнөттөрдөн кийин кызматка кирген кызматчылардын кварталдык баасы алар ишке чыккандан кийин 7 жумуш күнүнүн ичинде түзүлөт жана бекитилет. Кварталдык баалоо бааланып жаткан кварталдын жарымынан кем эмес убакытта иштеген кызматчыларга карата жүргүзүлөт.»;
- 36-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Кызматчылардын жылдык баалоосу боюнча чечимдер бир жолку мүнөзгө ээ жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга жана критерийлерге жараша тийиштүү календардык жылдын ичинде күчүндө болот (мисалы, кызматчынын кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоо – бош кызмат орун болгондо ишке ашырылышы мүмкүн же кызматчыга класстык ченди ыйгаруу – мурдагы класстык ченде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин мүмкүн ж.б.).»;
- 50-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Штаттык саны 30 адамдан ашпаган мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Мыкты» бааны алган жана эң көп баллга ээ болгон адамдардын ичинен бир гана кызматчыга «Үлгүлүү» баа, 5 пайыздык квотаны эске албастан, коюлушу мүмкүн.»;
- 52-пункттун экинчи абзацындагы «(кызмат орундун бир категориясынан ашпаган)» деген сөздөр алып салынсын;
- 59-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- комиссиянын мүчөлөрү: персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (кызматчысы) же персоналды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу адам, пландаштыруу маселелерин тескеген жетекчи (кызматчы), финансылык кызматтын жетекчиси (кызматчысы).»;
- 65-пункттун төртүнчү абзацы «профсоюздук комитеттин төрагасы,» деген сөздөрдөн кийин «юридикалык кызматтын жетекчиси (кызматчысы),» деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11. Мамлекеттик жарандык кызматка/муниципалдык кызматка биринчи жолу өткөн кызматчыга биринчи кадам белгиленет.
Өз эмгек ишин жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде (ведомстволук же аймактык бөлүмчөлөрдү кошкондо) конкурстун натыйжалары же кызматчынын ишин баалоо боюнча төмөн турган, тең маанидеги же жогору турган кызмат орунуна дайындалган кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча ыйгарылган кадам сакталат (мисалы, 2-кадамда турган министрликтин борбордук аппаратынын башкы адиси конкурстун натыйжалары боюнча ушул министрликтин ведомстволук бөлүмчөсүнө бөлүм башчысынын кызмат ордуна 2-кадамын сактоо менен дайындалат).
Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичинде ротациялоо же которуу иретинде тең маанидеги кызмат ордуна дайындалган кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча кадам сакталат.
Башка мамлекеттик органдан/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан ротациялоо иретинде башка кызмат ордуна дайындалган кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча кадам сакталат.
Кызматчыны мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде төмөн турган кызмат орунуна ротациялоодо анын кызматтык маянасы жана кадамы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. Эмгек акы төлөө торчосундагы кадам ыйгарылган учурда кызматчыга эмгек акысы сакталган кызмат орду боюнча кадам ыйгарылат (мисалы, бөлүм башчысы бөлүмдүн башкы адисинин кызмат ордуна которулса, ага эмгек акы төлөө торчосундагы кадам ыйгарылган учурда бөлүм башчысынын кызмат орду үчүн белгиленген эселүүлүк коэффициентинин мааниси колдонулат).
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурда иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактап калуу менен төмөн турган турган кызмат ордуна дайындалган кызматчыга кызматтык маянасы жана кадамы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. Эмгек акы төлөө торчосундагы кадам ыйгарылган учурда кызматчыга эмгек акысы сакталган кызмат орду боюнча кадам ыйгарылат (мисалы, бөлүм башчысы бөлүмдүн башкы адисинин кызмат ордуна которулса, ага эмгек акы төлөө торчосундагы кадам ыйгарылган учурда бөлүм башчысынын кызмат орду үчүн белгиленген эселүүлүк коэффициентинин мааниси колдонулат).
Кызматчы конкурстун натыйжалары боюнча башка мамлекеттик органга/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына дайындалса, анын болгон кадамы сакталбайт жана ага биринчи кадам белгиленет.
Кызматчы мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан бошотулса, анын болгон кадамы сакталбайт.».
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков