КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 129 токтому

Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

Интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизүү максатында, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

4.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев