КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 336 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы  № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 4-пунктундагы «4762» жана «3842» деген цифралар тиешелүү түрдө «4827» жана «3907» деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды 2017-жылга жана кийинки жылдарга министрликке каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу